www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүлүктү шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында Сүлүктү шаардык электр тармактары ишканасынын кызматкерлери менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, анын келип чыгуу себептери, укуктук жоопкерчилик жана зомбулуктун алдын алуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берди. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үй-бүлөлүк зомбулук үчүн каралган жоопкерчилик чаралары түшүндүрүлдү.

Ошондой эле иш-чарага дин өкүлдөрү катышып, үй-бүлөнүн ыйыктыгы, ата-эне менен жубайлардын ортосундагы өз ара урмат-сый, сабырдуулук жана ынтымак тууралуу насаат айтышты. Алар үй-бүлөдө тынчтыкты сактоо, зомбулукка жол бербөө жана балдардын тарбиясына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.

Кызматкерлерге чыр-чатактарды тынч жол менен чечүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө боюнча сунуштар айтылды. Мындай профилактикалык иш-чаралар коомдо укуктук жана руханий маданиятты жогорулатууга багытталган.

 

Последние новости