www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев Росатом мамлекеттик корпорациясынын жана КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун өкүлдөрү менен ядролук медицинаны өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү боюнча мамлекеттик долбоордун учурдагы абалы талкууланып, аны ыкчам ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн мындан аркы кадамдар пландалды.
Долбоор борбордун курамында өзүнүн циклотрон-радиофармацевтикалык өндүрүшүн түзүүнү карайт. Негизги максат — заманбап радиофармацевтикалык препараттарды жана ядролук медицинанын жогорку технологиялуу ыкмаларын колдонуу менен жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана неврологиялык ооруларды өз убагында диагностикалоо жана дарылоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу