www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмак категориясында MUHAMET MALO 2026 рейтингдик турниринин алтын медалына ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Акматалиев мелдешти 1/8 финалдан баштап, учурдагы Европа чемпиону, россиялык Ибрагим Ибрагимовду 4:3 эсебинде утту. Чейрек финалда молдовандык Василий Дьяконду 6:1 менен жеңди.

Жарым финалда казакстандык Майис Алиевге каршы кармашта 12:9 эсебинде үстөмдүк кылып, финалга чыкты. Финалдык беттеште америкалык спортчу Алек Уильям Панталео менен күрөшүп 3:2 эсебинде жеңишке жетти.

Жыйынтыгында Эрназар Акматалиев Кыргызстандын курама командасына эл аралык мелдеште биринчи алтын медалды алып келди.

Эске салсак, күн мурун Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча экинчи рейтингдик MUHAMET MALO-2026 турнири башталды.

Последние новости