www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык эркин күрөшчү Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмак категориясында MUHAMET MALO 2026 эл аралык рейтингдик турниринде күмүш медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Мелдешти Токтомамбетов 1/8 финалдан баштап, азербайжандык Канан Хейбатовду 3:1 эсебинде утту. Чейрек финалда АКШнын спортчусу Куинси Мондейди 5:1 менен жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда Грузиянын өкүлү Георгий Элбакидзе менен кармашып, 2:0 эсебинде үстөмдүк кылып, финалга жолдомо алды.
Ал эми финалдык беттеште ирандык Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде утулуп калды.
Белгилей кетсек, MUHAMET MALO 2026 рейтингдик турнири Тирана шаарында өтүп жатат. Мелдештер 1-мартка чейин уланат.