www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Иш башкармалыгына өтүп жаткан Профсоюздар федерациясынын мүлктөрүнүн бири дагы менчиктештирилип, бирөөгө берилбейт. Бул тууралуу Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ошол Профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, талкаланып жана менчиктештирилип бараткан мүлктөрдү сактап калуу президенттин негизги максаты жана аракети болгон.

"Президентибиздин тапшырмасы менен Профсоюздан алынган баардык мүлктөр оңдоп-түзөөдөн өтүп, менчиктешип кеткен жерлер мамлекетке кайтарылып, санаторий, курорттор санариптештирилип эл үчүн кызмат кылууга берилет. Бир мисал, "Жыргалаң" курорту бүгүнкү күндө жаркырап, конокторду кабыл алууда. Ар кандай ушактар менен жана каралоо сөздөр аркылуу жакшы иштерге көлөкө түшүрбөй туруңуздар", - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, соцтармактардын айрым колдонуучулары Арстанбаптагы Профсоюздар федерациясынын карамагындагы пансионат менчиктештирилип жатканы тууралуу жазып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости