www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даурен Косанов Казакстандын коргоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» Ак ордонун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди. 

Тиешелүү жарлыкка Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Эскерте кетсек, 24-сентябрда Маңгыстау облусунда аскер-деңиз машыгуулары учурунда аскер кызматкерлери Каспий деңизине чөгүп кеткен. Алар Каспий деңизинин жээгинде тапшырма аткарып жатканда, аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөн.

Алгач деңизге 19 аскер кызматкери агып кеткени кабарланган. Кийинчерээк Маңгыстау облусунун акимчилиги маалыматты тактап — 17 адам экенин билдирген.

Трагедияны иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Аны премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев жетектеди. Комиссия трагедиянын себептерин аныктап, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам бериши керек.

Аскер кызматкерлеринин каза болгону боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. Тергөөчүлөр окуянын бардык жагдайларын аныктоодо.

25-сентябрда Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Жалпы каза болгондордун саны 14 адамды түздү. Үчөө куткарылды.

Последние новости