www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын аба күчтөрүнүн ардагери Эшли Баббитт Капитолийдеги атышууда каза болгонун Fox News анын туугандарына шилтеме берүү менен билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин нааразычылык акциясында бир аял оор жаракат алганы белгилүү болгон. Кийинчерээк полиция анын ооруканада каза болгонун кабарлаган.

NPR радиостанциясынын маалыматы боюнча, ал Капитолий полициясынын улук офицери тарабынан жаракат алган.

Fox News маалымдагандай, Баббитт Сан-Диегодо (Калифорния) жашаган жана президент Дональд Трамптын ишенимдүү колдоочусу болгон. Ал Аба Флотунда 14 жыл кызмат өтөп, чет өлкөгө төрт жолу командировкага кеткен.

Аялдын Капитолийге так кандайча келип түшкөнү белгисиз.

Эске салсак, тополоң шаршемби күнү АКШнын Капитолий шаарында болуп, анда шайлоонун жыйынтыгын бекитүү маселеси талкууланып жаткан.

Конгресстин палаталарынын жыйналыштары бир нече саатка токтотулган. Митингчилер имаратка кирип, материалдык чыгым келтиришти.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости