www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азыр саясий партиялардан кайсынысы калды? "Ата Мекен" – капут, "Республика" – капут, "Ата Журт" – капут, "Мекенчил" – капут, "Ынтымак" – капут, "Ар-Намыс" – капут..." деп жазган журналист Мырзакат Тыналиевдин Facebookтагы пикири коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Чынында эле акыркы он жылда Кыргызстандагы саясий партиялардын көпчүлүгү мурдагы таасирин жоготту. Бир кезде парламентте үстөмдүк кылган, өкмөт түзгөн жана президенттик шайлоолорго активдүү катышкан партиялар бүгүнкү күндө саясий процесстердин четинде калды.

Мисалы, "Ата Мекен" партиясы узак жылдар бою өлкөдөгү эң таасирдүү саясий күчтөрдүн бири болуп келген. Бирок акыркы жылдары партиянын лидерлери саясаттан четтеп, мурдагыдай коомдук колдоого ээ болбой кошоматтыктын короосуна кирип кетти.

Ушундай эле жагдай "Республика" партиясына да тиешелүү. Бир кезде бизнес өкүлдөрүн жана жаш саясатчыларды бириктирген күч катары таанылган бул партия да бүгүнкү күндө дээрлик саясий активдүүлүгүн жоготуп кылтыкка илинип калбайын, деп кычыктан көз кысып президенттик шайлоону күтүп турган мезгили. 

"Ата Журт" партиясы дагы өз доорунда өлкөдөгү эң ири оппозициялык күчтөрдүн бири болгон. Бирок ички бөлүнүүлөр, лидерлеринин ар башка саясий жолго түшүшү жана өзгөргөн саясий шарттар партиянын мурдагы таасирин сактап калууга мүмкүнчүлүк берген жок. “Ата Журт, Ата Журт” деген гимни эле эсте калбаса, лидерлерин чырак менен издеп таппайсың...  

"Ар-Намыс", "Мекенчил" жана "Ынтымак" партиялары да ар кайсы мезгилде парламентке келип, мамлекеттик бийликтин курамына чейин жетишкен. Бирок бүгүн алардын дээрлик эч бири өлкөдөгү негизги саясий күн тартибин аныктаган жок. Тилекке каршы маанилүү маселе көтөрбөй, көлөкөдө чоңойгон кошунанын баласындай болуп момпоюп олтургандан башка иш кыла элек.

Атын атагысы келбеген саясат таануучулардын пикиринде, мындай көрүнүшкө бир нече фактор себеп болду. Биринчиден, Кыргызстанда партиялык институттарга караганда жеке лидерлерге таянган саясат үстөмдүк кылып келди. Экинчиден, ар бир саясий кризистен кийин партиялар кайрадан түзүлүп же жаңы аталыштар менен чыга баштады. Натыйжада партиялык системанын туруктуулугу калыптанган жок, - дейт.

Мындан тышкары, акыркы жылдары саясий талаанын өзгөрүшү олуттуу таасир этип, алардын чыбыктан корккон жаш баладай болуп тартиптүү жүргөнгө таасири тийдиби деген ой кетет.

Ошол эле учурда журналист Тыналиевдин "капут" деген баасы — бул саясий жана публицистикалык мүнөздөгү пикир.

Бирок, убактынча соолуган партиялар кайрадан жанданып кетиши толугу мүмкүн. Себеби, 2027-жылдагы президенттик жана кийинки парламенттик шайлоолор жакындаган сайын Кыргызстанда жаңы саясий долбоорлордун, жаңы партиялардын жана жаңы лидерлери адатына салып эл алдына “ырсаңдап” чыгып келе берет. Дегенибиз менен мурдагы партиялар кайра жандана алабы же алардын ордун жаңы саясий күчтөр толуктайбы — аны убакыт көрсөтөт.

Последние новости