www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары Кыргызстанга кирген башка өлкөлөрдүн жарандары боюнча статистикалык маалыматка көңүл бурсак, олуттуу маани бере турган жагдай бар. 

Мына Кыргызстанга жыл башынан бери жарым жылдын ичинде коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан болуп көрбөгөндөй адам кирген.

Алты айда Кыргызстанга 815 миң Өзбекстандын жарандары келген. Бирок булардын кандай максатта киргени жана канчасы кайра чыкканы белгисиз. Турист болуп киргендер, иш издеп киргендер, же биз аркылуу башка коңшу өлкөлөргө чыкканы боюнча так маалымат жок. Канчасы өлкөдө калып жатышат аны да айтуу кыйын. Айтор, алака-катыш жакшыргандын белгисиби, кыскасы Кыргызстанга эң көп кирген биринчи орунду Өзбекстандын жарандары ээлеген. 

Экинчи орунду, акыркы эки жылдан бери дипломатиялык мамиле сууп, алка-катыш солгундап кеткенине карабастан Тажикстандан 520 миңден ашык адам Кыргызстанга кирген. Булардын деле канчасы иш издеп, канчасы турист же башка максат менен келгени, же биз аркылуу Россияга чыкканы боюнча так маалымат жок. Беш жүз миң деген оңой эмес. Чек ара такталып бүтө электе, кооптуулук жагын эске алганда, негизи ушулардан сак болгон оң. 

Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи орунда Казакстан, Россия, Турция мамлекеттеринин жарандары ээлеген. Андан кийинки 4 орунду катары менен араб өлкөлөрү, Бириккен Араб Эмираты, Сауд Арабиясы, Кувейт, Египеттин жарандары өлкөгө көп кирген алдыңкы ондук тизмеге жазылышкан. Анда кийинки сапта Азербайжан өлкөсүнүн жарандары турат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости