www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 5-февралда Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу соцтармакка жарыяланган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы билдирди.
Окуяны териштирүү жана мугалимдин бул аракетине баа берүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков Кара-Балтадагы №2 мектепте ата-энелердин катышуусунда бүгүн чогулуш өткөргөн.
“Биз мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Мугалим өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады, ата- энелер ага карата дооматтары жоктугун билдиришти”,-деди Талантбек Арыков.
Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди.
Булак: NazarNews.kg