www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Дарыяда суу көтөрүлүп, эгин аянттарды каптады

Кара-Дарыяда суунун көлөмү  көтөрүлүп, Сузак районундагы бир нече аймакты каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ага Кемпир-Абад суу сактагычынан суу коё берилгендиги себеп болгон.

Көк-Арт жана Чаңгет-Сай сууларын кошкондо дарыянын деңгээли 330-340 м3/сек. көлөмгө чейин жетти. Арал айылындагы  суу тосмолорду жарып, Бостон, Питомник, Аэропорт  жана Кундузчу  тилкелеринин 110 гектардан ашуун күрүч, эгин аянттарын сел алып, 200 жакын турак жайга  кооптуулук жаралды.

Учурда дарыянын  оң жээгин бекемдөө аракети көрүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости