www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз драма театрынын актрисалары “Төлгө” спекталинде кара элечек кийишкени коомчулукта кызуу талкууга алынууда. "Кыргыз эч качан кара элечек кийген эмес, бул жамандыктын белгиси" деп, актрисалардын дарегине түрдүү сын-пикирлер жаады. Актриса Гүлайым Каниметова бардыгы режиссердун көрсөтмөсү менен болоорун айтып NazarNews маалымат агенттигине маек берди.
-- Саламатсызбы, Гүлайым эже “Төлгө” спектаклинде кийинип чыккан кара элечектен кийин сиздер тууралуу катуу талкуу жүрүүдө. Кара элечек тууралуу айтып берсеңиз. Кыргыздын тарыхында кара элечек кийишкен беле?
-- Чындыгында спектакль сүрөтчүнүн же режиссердун көрсөтмөсү менен коюлат. Элдин бизди каргап-шилеп жатканына өтө капа болдум. Актрисалардын баары эл үчүн эмгек кылат, каргаганы туура эмес.
-- Чыны менен кыргыздын тарыхында кара элечек кийген эмес экен, мүмкүн кыргыз эли кара элечекке кыжырданып жаткандыр?
-- Талкууга алынган көрүнүшкө актрисалардын эч кандай күнөөсү жок. Бул жерде режиссер менен сүрөтчү гана кеңешип чечет, баары алардын көз карашы гана. Өкүнүчтүүсү бизди ушундай каргап жатышат, мага аябай каттуу тийди. Ушундай каргоонун кереги барбы? Кыргызда бар го, “каргышы как башыңа” дегендей.
-- Ошол спектаклде кара элечек кийбей койсоңуздар болот беле же болбойт беле? Же режиссердун катуу талабы болдубу?
-- Бул жерде режиссер менен сүрөтчүнүн даярдап бергени гана.
-- Тарыхта апалар кара элечек кийгенби?
-- Муну жайбаракат сүйлөп берели. Режиссер, сүрөтчү актрисалардын баары маек берсек жакшы болот эле.
Эске сала кетсек, Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында коюлган “Төлгө” спекталинде кара элечек кийген актрисалар талкууга алынган. Кара элечек кийинген апаларды коомчулук терс көрүнүш катары кабыл алып тепкиге алышууда.
PS: Жакынкы убакытта “Төлгө” спекталиндеги кара элечектин чыры тууралуу режиссер Назым Мендебаировдин пикирин сунуш кылабыз.
Булак: NazarNews.kg