www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 5-ноябрында “Кара-Кече” көмүр кенинде өндүрүш иштери үзгүлтүксүз уланды. Бир сутканын ичинде 362 унаага жалпы 7 967 тонна көмүр жүктөлдү. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүр өндүрүү жана жеткирүү иштери туруктуу жүргүзүлүп, калкты жана ишканаларды отун менен өз убагында камсыздоо боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.
“Кара-Кече” көмүр кени өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт, — деп белгилешти ишканадан.