www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кечеден дагы 350-400 тонна көмүр алып келинет

Бүгүн Кара-Кече кенинен Бишкек шаарына дагы 350-400 тонна көмүр алынып келинерин "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда ар бирине 25-30 тонна көмүр жүктөлгөн 16 автоунаа борборду көздөй келе жатат.

"Автоунаалар Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегиндеги кампага түшүрүлүп, 3000 сомдон сатылат. Кампага үзгүлтүксүз көмүр келип туруу үчүн Кара-Кечеден күнүнө 300-350 автоунаа жөнөтүлүп турат", ― деди ал.

Зоотбекова ошондой эле көмүр ташып келүү үчүн мамлекет тарабынан жүк ташуучу дагы жүз автоунаа бөлүнгөнүн жана көмүрдүн баасын түшүрүү боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөрүнө убада берген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости