www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 26 жаштагы жигит өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган. Бул тууралуу "Сезим" кризистик борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын чоң энеси “Сезим” борборуна кайрылган. Анын айтымында, бул жорук үстүбүздөгү жылдын май айында болуп, 2 айга созулган. Кыздын мыйзамдуу өкүлдөрү жасалган оор кылмыш фактысы боюнча 2022-жылдын 20-июлунда арыз менен кайрылып, шектүүгө 157-берене: "Он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" боюнча айып тагылган. Бирок жасалган кылмыштын оордугуна карабастан, Кара-Көл ШИИБ тарабынан шектүүгө сыртка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган. 

Натыйжада, шектүү эркиндикте жүрөт. Ал жана анын туугандары кыздын жүрүм-турумун жана көрсөтмөлөрүн манипуляциялоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Анын жакындары 13 жаштагы кызга сөйкө салып, турмушка чыгуусун сунуштап жатышат.

Иш кыздын кызыкчылыгын коргой турган Жалал-Абад облустук “Адилет” укук коргоо уюмуна өткөрүлүп берилген. 

«Сезим» борбору тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн жүрүшүнө көз салып жана үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости