www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-июлга караган түнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында адам өлтүрүү фактысы катталды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, эки эркектин ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө 1994-жылы туулган жаран денесинен оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгон.

Кылмышка шектүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган. Учурда окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Последние новости