www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кулжада сел жүрдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июль күнү саат 16:10 чамасында аталган райондо жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Алайкуу айыл аймагынын Сай-Талаа айылында жайгашкан 12 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирип, 3 турак үйдүн короосун каптаган. Ошондой эле шамалдан 1 турак үйдүн 40 чарчы метр чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иштерине Кара-Кулжа райондук №66 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, мотопомпа, айыл аймагынан 15 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 12 турак үйдүн жер төлөөсүн жана 3 үйдүн короосун сел сууларын толук тазалашкан. Ал эми шамалдан жабыркаган үйдүн чатырын убактылуу жабып беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости