www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «МАК-2026» операциясынын алкагында «Кара-Куурай» аталышындагы шарттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин тиешелүү тескемесинин негизинде 2026-жылдын 6-июлунан 11-июлуна чейин аталган иш-чараны өткөрүү боюнча иш-мерчем түзүлүп, анын алкагында 6-июль күнү практикалык иш-чаралар башталды.
Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана шаардык-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын А. Масалиев жана Кара-Дөбө айылдарында, Молдо-Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылында, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Чекелик айылында, ошондой эле Лейлек районунун Катраң айыл аймагында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында жалпы 7 гектар аянт текшерилип, 3 тонна 400 килограмм жапайы өскөн кара-куурай өсүмдүгү орулуп алынып, өрттөлүп жок кылынды.
Учурда «Кара-Куурай» аталышындагы шарттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын алкагындагы иштер улантылууда.