www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк 20-августтан тарта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат.

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоо тоолорун чагылдырган «100» деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле «жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы «10 сом» чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кара-Кыргыз автономиялуу облусу/Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет» деген жазуу жайгашкан. Ал эми тыйындын арткы бетинде Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан.

Белгиленгендей, «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу 4 820 сом баасында сатылат.

Последние новости