www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотула турганын билдирди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыккан соодагерлер тарап, соодасын улантып жатышат.

Салык мыйзамдары боюнча, Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алары айтылган. Ушул тапта стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу  Кара-Суу базарлары кирет.

Кара-Суу базарында иштеген соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости