www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаары жана Ош облусу боюнча Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын аймактык башкармалыгы Кара-Суу районундагы Чыйырчык участкасында жайыт жерлерди мыйзамсыз пайдалануунун эки фактысын аныктады.
Текшерүү учурунда эки жаран тиешелүү уруксат документтери жок курулуш иштерин жүргүзүп, 107 чарчы метр жайыт жердин кыртышын бузганы белгилүү болгон.
Мыйзам бузгандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 241-беренесине ылайык ар бирине 5 миң 500 сомдон административдик айып салынды. Мындан тышкары, жер кыртышына келтирилген зыян үчүн жалпы 39 миң 804 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жарандарды жер мыйзамдарын сактоого чакырып, жайыт жерлеринде уруксатсыз курулуш жүргүзүү мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келерин эскертти.