www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмышкерлерди издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 17-март күнү болжол менен саат 19:40 чамасында, Өзбекстан Республикасынын жараны 20 жаштагы С.Ш. аттуу жаран Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Достук өткөрмө бекетинен чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугу боюнча 36 жаштагы агасы А.А. аттуу жаран Кара-Суу РИИБне арыз менен кайрылган.

Бул окуя боюнча 2022-жылдын 17-мартында Кара-Суу РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Ошондой эле арыз менен 2022-жылдын 18-мартында Араван районунун Ачы айылынын тургуну 62 жаштагы Ш.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган, анда 2022-жылдын 17-март күнү 36 жаштагы уулу Ж.Т. аттуу Кара-Суу шаарындагы Туратали базарында ксерокопия жана компьютердик кызматтарды көрсөтүп иштеген жеринен чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жыйынтыгында, 2022-жылдын 17-март күнү саат 19:00 чамасында Ош шаарынын  тургуну дайынсыз жоголду деген 36 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран Кара-Суу шаарындагы "Тураталы" базарынан жүргүнчү катары отуруп кеткендиги такталган. Ал отуруп кеткен автоунааны тактоо учурунда, Ош шаарындагы фирмалардын биринен 1 айга ижарага Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Пахта-Абад районунун тургуну 28 жаштагы Т.З. аттуу жаран, алгандыгы аныкталган.

2022-жылдын 19-мартында аталган 28 жаштагы Т.З. аттуу жаран жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун айылынын тургуну, 17 жаштагы О. уулу Ж. кармалышкан.

Тергөө учурунда, 2022-жылдын 17-март күнү болжол менен саат 19:40 чамасында, Өзбекстан Республикасынын жараны 20 жаштагы С.С. аттуу жаран Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Достук өткөрмө бекетинен чыккан учурда 28 жаштагы Т.З., жана ага кошо катыштыгы бар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 17 жаштагы О. уулу Ж. аттуу жаран менен биргеликте, алдын ала макулдашуу боюнча  ижарага алган көк түстөгү Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасы менен өздөрүн такси кызматкери катары көрсөтүшүп, кылмышка шектүү З.Т. жүргүнчү катары автоунааныны арткы орундукта отурган. Ал эми автоунааны О. уулу Ж. башкарып, Ош шаарын көздөй бара жатып, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала айылына жеткенде жүргүнчү катары бара жаткан  С.С. аттуу жаран, акчасы бар же жоктугун сураган учурда, ал акчасы жоктугун айтканда, автоунаанын артында бара жаткан З.Т. колу менен оң тараптан С.С. аттуу жарандын желкесине уруп, акча талап кылган андан кийин атайын даярдалып алып келген жип менен С.С. аттуу жаранды мойнуна салып муунтуп өлтүргөн. Маркумдун жанынан 7000 сом акча, 100 АКШ доллары, 1 даана телефонун алышкан.

Андан кийин Ош шаарын аралап Кара-Суу районунун Фуркат айылы аркылуу Ош-Бишкек жолу менен Өзгөн районуна карай жөнөгөн, кылмышты жаап жашыруу максатында жансыз денени Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Шералы айылы менен Жаңы-Кызыл-Суу айылынын ортолугунда жайгашкан эгин талаага автоунаа жолунун боюндагы жерди казып көмүп коюшкан. Жабырлануучу С.С. аттуу жарандын кол сумкасын ичиндеги буюмдары менен ошол жерге өрттөп жиберишкен.

Аталган жагдай боюнча 2022-жылдын 19-март күнү Кара-Суу РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын ЖКнин 122-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин улантып,  2022-жылдын 17-мартында Кара-Суу шаарында жайгашкан Туратали базарына ижарага алынган Хонда Фит автоунаасы менен өздөрүн такси кызматкери катары көрсөтүшүп, Ош шаарынын тургуну, 36 жаштагы Ж.Т. аттуу жаранды Кара-Суу базарынан жумушунан чыккан жеринен Ош шаарына жүргүнчү катары алышкан. Алдын ала сүйлөшкөн шарт боюнча айдоочу катары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 17 жаштагы О. уулу Ж. отурган, кошо катыштыгы бар Т.З. аттуу жаран автоунаанын арткы отургучунда отуруп, жүргүнчү Ж.Т. аттуу жаранды автоунанын алдыңкы отургучуна отургузуп, Ош шаарын көздөй жөнөшкөн.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылына жеткенде автоунааны токтотуп, Ж.Т. аттуу жарандан бизге акча керек деп сурагандыгын, акча жок деп айткан учурда, анда кеттик деп, автоунааны жүргүзүп, жолдо бара жатып, алдын ала даярдалган жип менен Ж.Т. аттуу жаранды мойнунан бууп өлтүргөн. Жабырлануучунун жанынан 6000 сом акча, ноутбук, 1 даана телефонун, 1 даана  флешкасын алып, Т.Ж. аттуу жарандын жансыз денесин Кара-Суу районунун автоунаа өтүүчү жолдун батыш тарабына сайдын боюна жерди казып көмүп коюшкан.

Бул факты боюнча, 2022-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын ЖКнин 122-беренеси менен кылмыш иши козголгон.  

Тергөө учурунда шектүүлөр Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 2005-жылы туулган О. уулу Ж. менен 1994-жылы туулган Т.З. аттуу жарандар күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-бер. менен Кара-Суу РИИБдин убактылуу изолятор жайына киргизилди.

Кылыш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости