www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Сууда ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Кара-Суу районунда 225 батирлүү "Асман Резиденс" ипотекалык үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусу боюнча өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июнь күнү президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы “Асман Резиденс" турак жай комплексинде курулган ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине онлайн форматта катышты.

Батирлер: 5 блок, 5 кабаттан турган жалпы 225 батир бүгүн ээлерине тапшырылды.

- 1 бөлмөлүү - 50 даана

- 2 бөлмөлүү - 125 даана

- 3 бөлмөлүү - 50 даана

Батирлердин жалпы аянты - 18 148,8 м². Ар бир блокто кампалар каралган - жалпы 14 290,0 м².

1-этап: Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилген 2.32 гектар аянтка 5 кабаттуу 5 блок курулуп бүттү.

Инфраструктура: Комплексте балдар аянтчасы - 830 м², жер үстүндөгү унаа токтотуучу жай - 74 орун, футбол аянтчасы жана спорт комплекси бар.

2-этап: Азыркы учурда дагы 1.95 гектар аянтка кошумча 5 кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүүдө.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө: “Бул долбоор жарандардын турак-жай маселесин чечүүгө багытталган мамлекеттик ипотекалык программанын ишке ашкан мисалы. Ар бир жараныбыз үйлүү болот” - деп белгиледи.

Бул салтанаттуу иш-чара өлкөдө жарандарды турак-жай менен камсыздоону жакшыртууга жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

 

Последние новости