www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда жер тилкесин алып берүүнү убадалап, ири суммадагы акча каражатын алдамчылык жолу менен алган деп шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июлда Кара-Суу РИИБге 1966-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 2024-жылдын январь айында Датка айыл өкмөтүнүн жер адиси жана анын эки шериги Ачы массивинен жер тилкесин алып берүүнү убадалап, андан жалпы 2 млн 536 миң 500 сом алышканын билдирген. Бирок ушул күнгө чейин жер тилкеси да, акча да кайтарылган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1984-жылы туулган К.С.А., 1975-жылы туулган Я.И.Ю. жана 1991-жылы туулган Ш.Д.К. кылмышка шектүү катары кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө уланууда.

Последние новости