www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда ок атышуудан бир адам жабыркады. Ал үч жеринен жаракат алган. Аталган маалыматты Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жана Ош шаардык ооруканасы тастыкташты.
Дарыгер Нурбек Калыевдин билдиришинче, жабырлануучу 32 жашта. Ал 4-августта саат 11.35тер чамасында тез жардам унаасы менен ооруканага түшкөн. Абалы канааттандырарлык.
«Ал үч жеринен жарадар болгон. Көкүрөктүн оң жагынан бир ок алынган. Эки жеринде октон алган жарааты бар. Бейтаптын айтымында, куралчан адам экөө жол талаша кетишкен», - деди Нурбек Калыев.
24.kg агенттигинин булагы билдиргендей, уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүнүн ортосунда атышуу болгон. Маалым болгондой, ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кеткен жаран кылмыштуу топтун лидери Женгонун (Кадырбек Досонов) өкүл баласы экени айтылат. Айрым маалыматтарга караганда, ал кармалган, бирок көп өтпөй бошотулган.
Ички иштер башкармалыгы бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн жана чоо-жайын айтуудан баш тартышууда.
Милиция 4-августта бир жаран травматикалык тапанчадан жаракат алды деген билдирүү түшкөнүн гана такташты. Окуянын катышуучуларын жана күбөлөрүн аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин "Азаттык" өз булактарына таянып атышуу Ош аэропортуна бара жаткан трассада болгонун жана жаран 5 жеринен жаракат алып ооруканага жаткырылган.жазган.
Булак: NazarNews.kg