www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БӨТани, ТӨЧани сыяктуу Өмүрбектер менен катар Көтани деген “каракчы Өмүрбек” бар. “Каракчы” Көтани “мамлекеттик каракчы” кызматына келем деп жигерденип турат. Тогуз-Торонун эли көчүгүнөн күлө баштады. Себеби, Тогуз-Тородо анын “каракчы Өмүрбек” деген өчкүс наамы бар. Эгер “каракчы Өмүрбек” күч түзүлүштөрүнүн башына келе турган болсо, накта “Ууруну кармагыла деп ууру чуркап жүрөт” деген кыргыздын макалы чын болуп кала тургандай. “Жыйырманчы кылымдын пираты” аталган “каракчы Өмүрбек” дүкөн тоногон жагынан алдына киши салчу эмес. Тогуз-Торонун дүкөндөрүн тороп тоноп, Казармандын дүкөнүн какшыта тоноп жүргөн мезгилде анын артынан милиция кызматкери сая түшүп, акыры “каракчы Өмүрбекти” колго түшүрөт. “Каракчы Өмүрбек” дүкөндөн тонолгон нерселерди катып алып кыйтыңдап, мени ким кармайт деп жүргөн кези экен. Милициянын колуна түшкөн соң Кылмыш-Жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен соттолуп кетери бышык болчу. “Каракчы Өмүрбекти” кармаган милиция да коррупционер милиция окшойт, “каракчы Өмүрбектин” ата-энеси, жакындары аны кой-ай дешип, Кылмыш-Жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен соттолуп кетерде кыл көпүрөдөн аман-эсен алып калышкан. “Ууруну кармагыла деп ууру чуркап жүрөт” дегендей “каракчы Өмүрбек” “мамлекеттик каракчы” кызматына даярданып, Ички иштер министри болот деген имиштер бар. “Каракчы Өмүрбек” 2006-жылы ноябрда “Реформа үчүн” кыймылын сатып Ички иштер министри болгондо, ушул эмнени кыйратсын өзү каракчы болсо деп, Тогуз-Торо эли күлгөн. Алар күлгөндөй эле 2006-жылдын 30-декабрында кабыл алынган Конституциянын негизинде парламенттен Ички иштер министрине өтпөй калып, Феликс Кулов экөө генералдардын “Бириккен, Фронтун” түзүп, элди алдап дүрбөтүп коюшуп, өздөрү бийликтин таманын жалашып кызмат алышкан. Ошол кездеги премьер Атамбаев деле билсе керек ал губернаторлук кылган Нарында боз үй тигишип “граф” наамындагы “мыйзамдагы вор” баш болгондор “сходка” өткөзүшкөн. “Черныйлар” оңой менен “красный” мурунку Ички иштер министри Көтани губернаторлук кылган жерде “понятие” боюнча эч качан “сходка” өткөрмөк эмес. Ким билет, бул жерде Көтанинин кандай тиешеси бар?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg