www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко өзүн сындагандардан кутуулууну пландаган болушу ыктымал. Бул тууралуу кечээ, 4-январда «EUobserver»​ басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы апрелде жазылган аудио тасмада кол салууну даярдоо тууралуу кеп болгон. Андагы үндөр ошол кезде Коопсуздук кызматын жетектеген Вадим Зайцевге жана атайын даярдыктагы бөлүктүн өкүлдөрүнө таандык болушу ыктымал.

Ал эми аудио тасманы «EUobserver» басылмасына беларус оппозициясынын активисти, «Алмаз» деген антитеррордук бөлүктүн мурдагы кызматкери Игорь Макар өткөрүп берген. Белгилей кетсек, тасманын жасалма же жасалма эмес экени азырынча белгисиз.

«НАТОго кирген өлкөнүн чалгын кызматындагы бир эксперт добуштардын бири Зайцевдикине абдан окшош экенин айтты», - деп жазган «EUobserver» басылмасы.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости