www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Каракол шаардык мэриясында мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген аппараттык жыйын өтүп, шаарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер кеңири талкууланды.

Жыйында шаар аймагындагы тазалык, тартип жана көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, ар бир аймакта ишембиликтерди жогорку деңгээлде уюштуруу милдети коюлду. Тазаланган таштандыларды өз убагында чыгаруу, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын ирээтке келтирүү жана жашоочуларды коомдук иштерге жигердүү тартуу – шаардын тазалыгын камсыздоонун негизги багыттары катары белгиленди.

Ошону менен катар, жаңы салына турган көчөлөрдө мыйзамсыз жайгашкан курулмаларды алуу, бул багытта калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана инженердик инфраструктураны, тактап айтканда таза суу жана саркынды суу түтүктөрүн тартуу иштерин ыкчам жүргүзүү зарылдыгы айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө шаар ичиндеги түнкү жарыктандырууну толук кандуу камсыз кылуу, көчөлөрдү жарык жана коопсуз кылуу боюнча так тапшырмалар берилди. Мындан сырткары, ар бир мекеме-ишкана өз аймагында көрктөндүрүү иштерин колго алып, шаарды заманбап, таза жана жашоого ыңгайлуу кылууга салым кошуусу керектиги баса белгиленди.

Ошондой эле өзгөчө муниципалдык мекемелерге шаар тургундарын жеке маселелери менен кабыл алууну системалуу түрдө уюштуруу тапшырмасы коюлуп, ар бир жарандын кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керектиги эскертилди.

Жыйындын жыйынтыгында коюлган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилигинде экени белгиленип, шаарды өнүктүрүү – баарыбыздын орток милдетибиз экендиги баса белгиленди.

Последние новости