www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 10-июнунда Ысык-Көл облусунун региондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Каракол шаарындагы бир катар сүт кайра иштетүүчү ишканаларда мониторинг өткөрдү.

Текшерүү төмөнкү ишканаларды камтыды:

«Ак-Булак Плюс» ЖЧК,

«Ысык-Көл Сүт» ЖЧК,

«Май Булак Каракол» ЖЧК жана «Ала-Тоо Сүт» ЖЧК.

Мониторингдин жүрүшүндө чийки сүттү кабыл алуу тартиби, ветеринардык коштоочу документтердин толуктугу, лабораториялык көзөмөлдүн жүргүзүлүшү, өндүрүштүк жайлардын санитардык абалы, жабдуулардын тазалыгы жана дезинфекциясы, ошондой эле өндүрүштүк көзөмөл журналдарынын жүргүзүлүшү текшерилди.

Жыйынтыгында айрым ишканаларда ветеринардык коштоочу документтер толук талапка жооп бербегени, санитардык тазалоо иштери өз убагында жүргүзүлбөгөнү, дезинфекциялык каражаттарды эсепке алуу боюнча документтер жетишсиз экени жана өндүрүштүк көзөмөл журналдары толук жүргүзүлбөгөнү аныкталды.

Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча ишканалардын жетекчиликтерине тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоо милдеттендирилди.

Последние новости