www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, муниципалдык жер тилкени арзан баада саткан Каракол шаарынын мэриясынын жетекчилигинин жана башка адамдардын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, 2021-2022-жж. Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы тарабынан 8312,9 чарчы метр жер тилке бөлүнүп, аукционго коюлган.
Андан соң өлкө жетекчилигинин муктаж болгондорду арзан турак жай менен камсыз кылуу боюнча талаптарын аткаруу үчүн мурда аукционго коюлган 8312,9 чарчы метр жер участокко көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн МИК ААКсына берүү пландаштырылган.
Ошону менен бирге, Каракол шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын башында турган Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А., жер тилкени МИК ААКга өткөрүп берүү пландаштырылып жаткандыгын билип туруп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, аталган кыймылсыз мүлктү Кыргыз Республикасынын А.Н.К. аттуу жаранына жеке менчикке берүү үчүн аукцион өткөргөн.
Андан кийин Каракол шаарынын мэриясынын Жер комиссиясы А.Н.К. аттуу жаранга Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин берүү жөнүндө чечим чыгарат, жер тилкесинин наркы аукциондо сунушталган суммадан алда канча жогору.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Э.А. кармалып, Каракол ШИИБдин УКЖсына киргизилди.