www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырысыгы катталып, бир адам каза болгонун бүгүн, 5-июнда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун 1965-жылы туулган тургуну А.А. «Toyota Alphard» үлгүсүндөгү унаа менен Кыдыр-Аке көчөсү аркылуу түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан. Ошол учурда каршы тилкеде келе жаткан Каракол шаарынын Пристань аймагынын 1968-жылы туулган тургуну А.В. башкарган электр транспорт бурулуш жасоого аракет кылган.
Натыйжада «Toyota Alphard» унаасы менен электр транспорт кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен электр транспорттун айдоочусу — 1968-жылы туулган А.В. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 4 адам жеткирилген. Дарыгерлердин маалыматына караганда, алардын бири ооруканага жаткырылып, үчөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Учурда Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери улантылууда.