www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо мас абалында унаа башкарган сот иштен кетти

Мас абалда унаа айдаганы үчүн кармалганы айтылган Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Каракол шаарында жакында болгон окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбековдун процесстин тараптарынын бирине соттун аныктамасын бербегендигине байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков өз каалоолору менен судьялык кызматтан кетүү туурасында арыздарын беришти. Судьялар сот бийлигинин беделине көлөкө түшүргөн аракеттерге барганын моюнга алышты.

Ошондой эле, кеңешменин жыйынтыгында Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираевге карата сот адилеттигин ишке ашырууда одоно мыйзам бузууга жол бергендигине байланыштуу тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости