www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карамат Орозова:

Баткенде элди кармап калуу үчүн аларга коопсуздукту камсыздап беришибиз керек. Мындай пикири менен Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди. 

Ал парламент "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамды кабыл алып бергенин эскертти.

"Баткен боюнча парламентте бир топ эле сунуштар түшүп жатат. Менин кесиптештерим да, мен да: "Баткендин чек ара чыры өтө курч турган айылдарды бириктирип туруп, аскер шаарчасын куруп, коопсуздукту камсыздап берели" деген пикир айттык. Чек ара кызматына дайындадык, алар мунун үстүндө иштеп жатабыз дешти. Жумушчу топ бул тууралуу бир канча жолу жолугушуп, өкмөткө сунушту берген. Эми өкмөт бул мыйзамдын аткарылышы боюнча өзүнүн токтомдорун, жоболорун иштеп чыгышы керек", — деди депутат.

Эл өкүлү мисал катары коңшу Казакстанды келтирип, ал жакта чек араларда 30дан ашык аскер шаарчасы бар экенин, аларды мамлекет стратегиялык объект катары коргоого алганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости