www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Пирматовго 300 миң айып пул салуу – бир чети күлкүлүү, бул жеп жутарга мындай каражат түкүрүкчө турбас", - деди бүгүн, 10-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Пирматовго 300 миң айып салынганы туурабы же азбы?

- Пирматовго салынган айыптын аз же көптүгүнө а-бу деп айтуудан оболу, бийлик жүргүзүп жаткан кустурация саясатынын ырааттуу эместигине, ууруну ууру деп түз эле атап, кыска мөөнөттү бурчка такап, айып пулду салып, камап салбай резиндадай созуп жатышына көңүлдү бургубуз келет. Убакыт өткөн сайын баары эскирет болуп, кечээки бүгүнгө, бүгүнүң эртеңге окшобой, соңунда тешик тепшинин  ээси болуп калбасак эле болду.

Пирматовго 300 миң айып пул салуу – бир чети күлкүлүү, бул жеп жутарга мындай каражат түкүрүкчө турбас. Жоопкерчилик дегени мойну менен тартылбаса, коко тыйындай эле иш болуп калат. Демек, бийлик бу багытта да “двойной стандартты” колдонуп жаткандай. Бир кезде Сариев “Центерраны” аяп, анча төлөй албайт, азайталы деп, айкөл болгондой бийлик Пирматовду аяп кирбедиби (?) Демек, бул үйдө да "что то не так..."

Булак: NazarNews.kg

Последние новости