www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылында жаңжал чыкканы белгилүү. Тажик тарап али тактала элек талаш жерге курулуш чыкканынан улам нааразы болгон кыргыз тарапка биринчилерден болуп ок чыгарып, анын натыйжасында бир кыргыз чек арачысы каза болуп, 13 адам жаракат алды. Тажик тараптан 3 чек арачы каза болуп, 12 адам жаракат алды.

Жаңжал чыккан айылдын жашоочулары бала-чакасынын коопсуздугун ойлоп үйлөрүн таштап коңшу айылдарга келишти. Жабыркаган элдин абалын билүү үчүн Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, өкмөт башчысы жана башка бийлик өкүлдөрү ал айылга барышты. Коңшулаш өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү. 

Мына ушундай оор кырдаалда Баткен элинин колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен Карамат Орозова менен Мурадил Мадеминов өзүнүн жердештеринин абалын сурап, камкордук көрүүнүн ордуна абакта жаткан коррупционер «кожоюну» АШАны туулган күнү менен куттуктап жүрүшөт. Демек, аларга өзүнүн жердештеринин көйгөйү кызыктырбай турганын түшүндүк. Жердештери жөн гана добуш алуу үчүн керек тура. Эми мындан ары алар кайсыл беттери менен Баткенге барышат болду экен? Макул, оор күндөрдө Атамбаевдин алдында болгону жакшы, бирок, убагында айкырып жүргөн "деп-тер" жергиликтүү ММКдан кырдаал тууралуу бир жолу үн катып койгон жок го, беттери "бетондон" экен...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости