www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо шайлоосу менен, алыскы Баткен, Лейлек райондору коңшу Тажикстан менен чектеш эмеспи. Биз чек арага жакын райондорду унутуп калбашыбыз керек. Ошондон улам: “Кыргыз-тажик чек арасы кооптуу эмеспи? Эки тараптан келишпестиктер байкалууда...

- Алдын ала кандай чараларды көрсөк болот?”

- Кыргыз-тажик чек арасы бүгүнкү күндө абдан кооптуу. Себеби, эки мамлекеттин аталган чектеш жерлери алигүнчө такталып бүтө элек. Бу жерде ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы бар. Ортодогу буга чейинки келишимдердин чийкилигинен ушундай жагдайга туш келип отурабыз.

Ошондуктан бул келишимдерди кайрадан карап чыгуу керек. Чек арада жайгашкан биздин элдер аябай кооптуу абалда жашап жатышат. Ата-бабалар мурас кылып таштап кеткен жерлерди кайтарышып, кайдыгер болбой, таштап кетип калбай, кол салууларга колдорунан келишинче туруштук берүүдө.

Адамдарга коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бизде Коопсуздук комитети же чек ара кызматы дегендер бар. Андан сырткары, чек арага жакын жайгашкан жерлерди бош калтырбай, муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп берген оң.

Чек араны бекемдегенден кийин гана эки мамлекеттин ортосундагы чыр-чатак токтойт. Дагы бир нерсени айтып коюшубуз керек, чек араны тактоо, аныктоо, пикир келишпестикке бир гана мамлекет башчы чекит коё алат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости