www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы жылдын жарым жылдыгында микрокредит алгандардын саны 30 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"Январь-июнь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 382 миң адамга 16 миллиард сом насыя берилген. Бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу алганда 30 пайызга, каражаттын көлөмү 17,3 пайызга көбөйдү дегенди билдирет", — деп айтылат билдирүүдө.
Чакан кредитти эң көп Ош облусунда алышты (микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,7 пайызы). Андан соң Жалал-Абад облусу (15,9 пайыз), Бишкек шаары (14 пайыз) жана Чүй облусу (12,8 пайыз) турат.
Булак: NazarNews.kg