www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-ноябрда өкмөт үйүнүн имаратынын жанында митинг өтүп жатат. Митингчилер «Караван» соода борборундагы электрондук сооданы жокко чыгарууну талап кылууда.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду иштегенге мажбурлагыла. Биздин акча кайда кетип жатат?», - дешет нааразы болгондор.

Ишкерлер «Караван» электрондук соодага мыйзамсыз кошулганын белгилешти.

Эски аянтка чогулган "Караван" соода борборунда иштегендер Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылышты

Кадрдан соодагер аялдардын Өкмөт үйүнүн батыш тарабындагы эшигинен кирүүгө аракет кылышканын көрүүгө болот. Бирок ичиндегилер аларды киргизбей эшикти жаап алышкан.

Өкмөт үйүнө кире албай калгандар "Уят! Уят!" деп кыйкырып жатышты.

Чогулгандар "Караван" соода борборун онлайн-аукционго коюуга каршы. Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соода үйүн онлайн-аукционго койсо, анда иштегендер бутиктеринен ажырап калат.

"Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости