www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Каркыра» өткөрмө бекетинин иш тартиби өзгөрөт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу макулдашууну колдоду.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев билдиргендей, Казакстан менен Кыргызстандын макулдашуучусу боюнча учурда «Каркыра» өткөрмө бекети күндүз гана иштейт. Эми аны күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү пландалууда. Ошондой эле аталган бекетти жыл бою иштетүү каралган. Мурдагы макулдашуу боюнча «Каркыра» бекети жыл бою иштей турганы эки тараптын келишими менен аныкталат деп көрсөтүлгөн.

Талкуудан кийин комитет аталган макулдашууну колдоду.

«Каркыра» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Т уп районундда жайгашкан. Ал негизинен жаз айларында ачылып, күзгө чейин иштейт.

Следующий >

Последние новости