www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында каза болгон ханыша Елизавета IIнин уулу Карл III кечээ, 11-сентябрда расмий түрдө Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландиянын королу деп жарыяланды. Иш-чараны Би-Би-Си телерадиоберүү корпорациясы көрсөттү.
Эдинбургда Шотландиянын Геральдика палатасынын төрагасы Жозеф Морроу Сент-Эгидия соборунун жанындагы Парламент аянтында декларацияны окуп берди. Карл III Шотландия падышасы деп жарыялангандан кийин артиллериядан 21 жолу ок атылган. Эдинбургдун борборунда өткөн салтанатка бир нече миң киши чогулду.
Кардифф сепилинде жарыяны Уэльс боюнча Геральдика палатасынын башчысы Том Ллойд жана аймактын лорд лейтенанты Морфидд Мередит англис жана уэльс тилдеринде окушту. Ошол эле учурда Хилсборо сепилинде – Түндүк Ирландиянын Даун округундагы расмий королдук резиденциясы – Чарльз III Түндүк Ирландиянын геральдика палатасынын башчысы Роберт Ноэл тарабынан падыша болуп жарыяланган. Андан кийин артиллериядан ок атылып, Британиянын гимни жаңырды.
Ханыша Елизавета II бейшемби күнү 96 жашында Шотландиядагы Балморал сепилинде көз жумду. Ал британ тарыхындагы эң узак - 70 жыл 7 ай башкарган. Жаңы монарх анын 73 жаштагы тун уулу Чарльз болгон жана ал Чарлз III деген ысымды алган.
15 өлкөнүн расмий башчысы Елизавета IIнин өлүмүнө байланыштуу Улуу Британияда 9-сентябрдан тарта улуттук аза күтүү жарыяланды жана ал акыркы сапарга узатуу күнүнө чейин уланат.
Карл III тажыясы бир нече айдан кийин өтөт, датасы азырынча айтыла элек.
Буга чейин Карл III Канада, Австралия жана Жаңы Зеландиянын жаңы мамлекет башчысы болуп жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg