www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карта оюну бийликтин жүрүштөрүн элестетет

Эшек курту мурдунан түшпөй Атамбаевдин финансы министри болуп көөп, бүгүн инисинин аркасы менен Министрлер кабинетинин биринчи орунбасары болгон көлдүк Адылбек Касымалиев деген бар. Анын жегени элге окшобойт, саман, топон аралаш кызыл данды кошо жеген өгүзгө окшоп күйшөп турган убагы. Далай сындан тескери мааниде өтүп былыкчылык менен балыкчылыктын туу чокуса чыккан. Аны кайырмагына түшкөн балыктар оңбойт. Мындай анын дөөгүрсүгөн адаты биздин доорго шайкеш келбей турат. Ошентсе да ага карта оюнунда валет болсо болмок. Министрлер кабинетин төрагасынын биринчи орунбасары Касымалиев Адылбек балеттикке куюп койгондой жарашат.

Кыргыз бийлигинде жүрүштөр карта оюнуна окшошуп кетишет. Албетте, көзүр туз кимдин мөөрөйүндө экенин ыйлап жаткан бала да билет. Ал тууралуу сөз кылсак оңбой калабыз. Колунда байлыгы барлар сөз кыла берсин, бизге эмне жок, эптеп күнүбүздү көрөлү.

Көзүр королду өтө ачуулуу король катары билип калышты. Кудайдын бир күнүндө мурунку жегичтердин бири кармалат, ары-бери карап башты бургуча, ал СИЗОдон чыгып аткан болот. Демек, бир нерсе «кусту» да, деги «Кусундунун» бары каякка кетип жатат? Бюджеткеби же «Бүт жейткеби?».

Андан ары кетели көзүр дама. Көзүр дама ким? Жамила Исаева күйөөсү Канат Исаевди чанган соң чатыраңдап баратат. Бирок көзүр дама статусуна жете элек. Негизи кызматы бийик аялзаты дээрлик жокко эсе. Демек «Семьякратиядан» издешибиз керек. Айгүл айым көзүр дамага ылайыкпы? Эмнеси болсо да андан башка көзүр дама боло турган эч ким жок. Бары бир канайым билинбеген «дух», ал күйөөсүн же жакшы жакка, же жаман жакка алып барат. Азырынча эл-журт канчанчы канайымдын жамандыгын көрө, бирок жакшылыгын жакындарынан башка эч ким көрүп биле элек. Жакындарына кошоматчылар кошулуп алышкан, кошоматчыларга бары бир ким мамлекеттин башында турса сүйгөн жарына жармашып алышат.

Эми жөнөкөй картанын тузун карайлы, президент менен кежеңдеше кетмейи бар, ошол үчүн оппозициянын кеңеш бере турган уюмунун кожоюндарынын бири Талгарбековду алсак болот. Талгарбековдун ой-санаасында президент болуп отуруп калуу деген ой грамм да жок. Оюнун салмактуу бөлүгү, балким центнер, балким тонна чыгар, элдин жашоосу жакшы болуп кетсе деп чамынат. Ошол оюнун өтөлгөсүнө чыгуу үчүн ким менен болсо да кайым айтышууга барат. Атамбаев акактатпай жалаа жаап туруп он төрт жылга камап салган. Сталин бар эмеспи «Адам бар, проблема бар, адам жок болсо, проблема жок» деген, Атамбаевдин Талгарбековду камашы да ушуга окшошуп турат. «Талгарбеков бар, проблема бар, Талгарбеков камакта, проблема жок». Мына эми Бекболот мырза боштондукта, ким анын оозун тыят эле, ал эмес президент килтейген  маалыматтарды «үрдүргөнү» менен Талгарбеков болгон акыйкатты айтып коюп, тешиктен башын чыгарып бугуп жатат. Ким чычаласа ал жеңилет.

Талгарбековдун королу Исмаил Исаков. Эмнегедир Исмаил акенин туулган күнү коркунучтуу. 2010 –жылы 10-июнда туулган күнүн өткөрүп Убактылуу Өкмөттү бүт чакырган. Ошто кымгуут башталып жатса, булар стакан кагышып отурушкан, ошол бойдон АШАкеси «синдром алкоголя» болуп, арактан дарыланууга кеткен, апакеси бир-эки күн эс алып, анан Ошко учуп барган. Эптеп булар Ошко онтоп баргыча убакыт күттүргөн жок, өз кылыгын кыла берген.

Дамасы да жарашыктуу Элмира Ибраимова керек маалда Султановна. Вице-министрге чейин муз тээп барган. Атасынын аркасы өйдө жылайын дейт, бирок бат эле ылдый сыйгаланып кетет.

Валети орто жаштагы муруту чычайган, курсагы келбетине келген, туз жалап жүрүп чоңойгон Назаркул Жоошбаев. Ал Кочкордун даамдуу тузун жалабайт, Шамшыкалдын тузун гана жарайт. Мурутун сылаңкороздонуп кээ бирде жүзүнө асып алганы менен, кээ бирде муруту жок эле мойтоңдой берет. Карта оюнундагы «кар жебес» валеттин дал өзү, куюп койгондой окшош. Карта оюнунда валеттен тышкары 10, 9, 8, 7, 6 деген карталар кээ бирде 5, 4, 3, 2 дегендер бар. Эми алар кимдер экенине башкалар деле кызыкпайт болуш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости