www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл сайын 1-октябрда дүйнө жүзү БУУнун Башкы Ассамблеясы 1990-жылы декабрда бекиткен өзгөчө датаны - Эл аралык карылар күнүн белгилейт. Бул күн коомдун көңүлүн улгайган адамдар туш болгон эң маанилүү маселелерге бурууга жана алардын жашообуздагы баалуулугун баса белгилөөгө багытталган. 2024-жылы Эл аралык карылар күнү "Татыктуу карылык: дүйнө жүзү боюнча карыларга кам көрүү жана колдоо көрсөтүү тутумун чыңдоонун маанилүүлүгү" темасына арналат.
Бул ураан карыларга өмүр бою өзүн ыңгайлуу, коопсуз жана татыктуу сезүүгө жардам берүү үчүн натыйжалуу колдоо жана кам көрүү тутумдарын түзүү зарылдыгын баса белгилейт.
Алгач бул датаны Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйнө белгилей баштаган. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө түрдүү фестивалдар, майрамдар, акциялар жүрөт. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат. Өкмөттүк эмес уюмдар ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, радио жана теле берүүлөрдө карылардын көйгөйлөрүн чагылдырышат.