www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Ардактуу аталар, кымбаттуу энелер!

Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү!

Кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, каны-жаны менен бүгүнкү күнгө чейин жеткен. “Карынын кебин капка сал”, “Карынын сөзү - жамак, жамагы жашоого - сабак”, “Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот”, “Ак сакалдуу карыя – акылы терең дарыя” деген макалдарыбыз буга таасын күбө.

Улуу муунга кам көрүү биздин абийирибиздеги милдет жана ар-намыс экенин жакшы түшүнөбүз. Ата-бабаларыбыздан келаткан нарк-насилди сактап, улууларды баалап-барктоого бар күчүбүздү жумшайбыз.

Биздин улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатыбыз адам укуктарын ишке ашыруу жаатындагы ратификацияланган эл аралык келишимдерге, Конституциябыз баш болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылып келет.

Негизги максатыбыз – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу. Анын негизинде Кыргызстанда карыларыбыздын турмуш шарттарын жакшыртуу саясатын жүргүзүү боюнча активдүү иш-чаралар күч алууда.

Ата-апаларыбызды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулады. Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33 %га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38 %га жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонмун. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт.

Мына ушундай аракеттердин жана жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин ченемдерин аткарууга жетиштик. Мамлекет мындан ары да улуу курактагы адамдар үчүн татыктуу, туруктуу жана канааттандырарлык келечекти камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Урматтуу аталар жана апалар!

Буга чейинки басып өткөн өмүр жолуңуздарда өлкөбүздүн, кийинки муундун жаркын келечеги деп кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. “Карынын сөзү – акылдын көзү” деген накыл кеп сымал, сиздердин берген кеп-кеңешиңиздер азыр да биз үчүн абдан баалуу.

Жашооңуздардын ар бир күнү жакындарыңыздардын жылуулугу менен толуп турсун! Ар дайым ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди нускоочу тирегибиз болуп жүрө бериңиздер.

Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм!

Бар болуңуздар!”.

Последние новости