www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2026-жылы дагы 1,7 миллиард доллардан ашык карыз алат. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 16-июнда Жогорку Кеңеште айтты. Бирок Дастан Бекешев ратификацияланган келишимдерде көрсөтүлгөн насыяларды бир-бирден эсептеп, алардын жалпы суммасы 1,9 миллиард долларга жетерин белгиледи. 

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы азыр 9,8 миллиард долларга жетип, ИДӨнүн 41,7% түзөт. Өкмөт бул деңгээл “коопсуз чектен төмөн” деп түшүндүрөт жана 2030-жылга чейин 23%га чейин азайтарын билдирет. Бирок реалдуу абал такыр башка. Карыздын көлөмү акыркы жылдары туруктуу өсүүдө. Демек, карызга батып жатсак, кайдагы өнүгүүнү кеп кылууга болот деген суроо өзүнөн-өзү жаралат. 

Экономика “карыз менен өсүп” жаткан болсо, инвестициялар реалдуу өндүрүштү жана экспортту көбөйтпөсө, анда карыз өзүн актабаган циклге айланат.

Садыр Жапаров бийликке келген учурда «өлкөнү 5 жылда карыздан кутултуп, карыз берген өлкөгө айлантам, мигранттарды өлкөгө кайтарып келем, ири экономикалык секирик болот» деген убадаларды берген. Бирок реалдуу көрсөткүчтөр тескери жыйынтыкты көрсөтүүдө. Тышкы эмгек миграциясы кыскарган жок, ал эми экономикалык өсүш карыз менен ченелип жатат. Карыз 5 жылда дээрлик эки эседен ашык өстү. Инфляция калктын кирешесин жеп жатат. Мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан 11%тен ашык инфляция менен биринчи орунга чыкты. Бир нече жылдан бери согуш жүрүп жаткан Россия менен Украинада инфляция 5 пайыз. Коңшу өлкөлөрдө дагы инфляциянын деңгээли мынчалык жогору эмес.

Дегенибиз, расмий көрсөткүчтөрдө өсүш бар экени айтылган менен, азык-түлүк жана күнүмдүк товарлар рыногунда баалардын реалдуу басымы, калктын жонунан кайыш тилип жатат десек аша чапкандык болбойт. Чыныгы кырдаал “экономикалык өсүш” деген расмий риторикага дал келбейт.  

Айтор, Кыргызстан азыр өсүп жаткан экономикада эмес, карызга таянган жана натыйжасы сезилбеген система ичинде жашап жатат. Бул багыт уланса, “өнүгүү” деген сөз курулай статистикада гана болбосо, реалдуу элдин жашоосунда болбойт. Дегенибиз, жарды бир уйду карыз алып келип, анан коңшуларына сүтүн саап ичип жатканын айтып курсагым ток деп мактангандай көрүнүш.

Последние новости