www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда чакан каржылык уюмдар жана турак жай кооперативдеринин аталыштарында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды колдонууга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 25-мартта парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде каржы пирамидалары кардарларды тартуу үчүн каржы уюмдарына диний аталыштарды берип, аны курал катары колдонуп жатканы айтылат. Өлкөдө ушул тапа 6 500гө жакын кооператив иштеп жатканы, нын ичинен 5 500гө жакыны айыл чарба коммерциялык кооперативдер, 900ү коммерциялык эмес кооперативдер экени жазылган. 162 турак жай курулуш кооперативдери. Азыр анын 30 жакыны иштеп жатат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөн.

Каржы пирамидасы боюнча кылмыш иштеринин көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында болгон. Жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон көп деп эсептелген. Козголгон иштерге байланыштуу 40 адам жоопко тартылган.

Кыргызстанда каржы пирамидасынан жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Адистер аны баштаган саналуу адамдар гана киреше таба аларын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, бул кадимки алдамчылык экенин эскертип келишет.

Каржы пирамидаларына акчасын алдатып, сызга отуруп калгандар көп. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости