www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бугүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жазага тартууну караштырган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, депуттар тарабынан жактырылды.  Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Шаирбек Ташиев жана Айбек Маткеримов.

Отурумда мыйзам долбоору боюнча талкуу жүрүп, депутаттар тарабынан сунуштар айтылды. Маселен, депутат Дастанбек Жумабеков финансылык пирамида менен алектенген уюмдардын ачылышын чектөө маселесин көтөрүп чыкты.

Ал эми, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Кыргызстанда каржы пирамидаларына байланыштуу кылмыш иштер жылдан-жылга көбөйүп жатканын айтты.

«Ал эми финансылык пирамидаларга байланышкан кылмыш иштерине токтолсом, 2019-жылы 30, 2020-жылы 31 иш козголуп, жылдан-жылга көбөйүп жатканы байкалууда», – деди.

Соңунда мыйзам долбоорун экинчи окууда 76 депутат колдоп берди.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоорунда каржы пирамидасын түзгөн шылуундарды гана эмес, аны жарнамалаган таанымал кишилерди да жазалоо сунушталууда.

Булак: NazarNews.kg    

Последние новости