www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Хамза менен Аруузатка миллиондогон акчанын заматта чогулушу — бул эртеңки келечектин тирүү мисалы экенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Биримдик күчү тоо бузат! Кагылайын кыргыз элим башынан не деген гана заманды, жөө тумандай каптаган жан кейиткен апаатты, биринин сөөгүн бири зыйнаттап көмө албай калган карангүн түшкөн азапты далай тартышкан. Андан өтсө, жарма таарынычтын айынан жөнтөгү менен тентеги бир акылга келе албай баш-аягы аралашып, ал турсун иттеринин куйруктарына калдыркан байлап, кыргый кабак салып, бир дөбөдө биригип олтурушпай, ат тезегиндей бириндеп, кокту-колотко бөлүнүп, жумурткадан кыр, көңүлдөн кир издешип, чырпык сындырып, куйрук кесип, касам ичип, ант ичип, элдешкис душманга айландык дегендер да элди кырсык басып, жоо чапканда, өткөн менен кеткендин баары суу менен жуулуп кеткендей тазарып, кайра берерге малын, сунарга нанын, жаярга тасмалын, тартууга жанын таппай келишкен эмес беле…
Наркымдан, ата-бабамдын салтынан, уңгужолумдан айланайын, бул жүрүмдөр бүгүн да кайталанып келе жатпайбы, аны биз башыбыздан өткөрүп келе жатабыз го, көргүсү, билгиси келбегендер жомок дээр, алыска кетпей эле кечээ күнү өткөндөрдү эстейличи, ниети курагыр КОВИД оорусу асылдарыбызды жалмаганда, чек арадан жаңжаал чыгып, жаштарыбыз жайраганда, бөлөк-бөлөк болуп бөлүнгөн эл өзүнөн өзү эле бирикти го, баары бир адамдай, бир жумуру муштумга түйүлдү го. Же бул жерде жалганы барбы?
Кечээ эле Хамза аттуу наристебизге, ага чейин Аруузат деген кызыбызга бүтүндөй караламан эл бир билекке биригип, миллиондогон каражатты заматта топтоп бере салды… Түшүнгөнгө бул жөн гана жардам эмес, бул – кыргыз элинин ынтымагынын, биримдигинин, эртеңки келечегинин тирүү мисалы эмеспи!
Каныбызда айкөлдүк, намыскөйлүк, боорукердик, адилеттүүлүк касиеттерибиз турганда, улуттук демибиз менен дымагыбыз, уңгужолубуз эч качан кемибейт! Сыймыгым, үмүтүм, ишеничим артты, уңгужолубузду улай берели, баракелде!»,- деп жазды ал.