www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Маңгыстау облусунда Каспий деңизинин жээгинен өлүк 112 тюлень табылганын аймактык экология департаменти билдирди.

Асан айылы менен Форт-Шевченко жээгинин ортосунан 39 өлүк, ал эми жээктен Баутино тумшугуна чейин 73 өлүп табылган.

Жергиликтүү тургундардын билдирүүлөрүнөн кийин адистер Форт-Шевченко жана Баутино аймагынан деңиз суусунун үлгүлөрүн алышкан.

Буга чейин «Лада» басылмасы Актау шаарынын тургуну жээктен Стюлень тапканын, алардын айрымдары торлорго чырмалып калышканын жазган.

Каспийде тюлендердин массалык өлүмү дээрлик жыл сайын болуп турат, бирок окумуштуулар себебин так аныктай алышпайт. Учурда бул жаныбарлардын популяциясы кескин кыскарып жатат.

Последние новости