www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанга расмий сапар менен келген Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушту.

Токаев бул сапар Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы өнөктөштүктүн бардык спектринде олуттуу жетишкендиктерди белгилөө үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

«Кийинки жылы биз маанилүү датаны - дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын белгилейбиз. Сиздин Казакстанга болгон расмий сапарыңызды биздин мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга эки тараптын кызыкдарлыгынын дагы бир далили катары баалайбыз», - деди Казакстандын президенти.

Мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы ар тараптуу диалогду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн бекемдейт деп эсептейт.

Өз кезегинде Шарль Мишель Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын жана аймактык деңгээлдеги биргелешкен иштин маанилүүлүгүн канааттануу менен белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости