www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразия экономикалык комиссиясына кошумча укуктарды берүү зарылчыгы жок деп эсептейм. Бул туурасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразиялык форумдун пленардык сессиясында билдирди.
"Биз, Казакстан, шашып, алдыга чуркап кетүүнүн кажети жок деп эсептейбиз, акырындык менен иштеш керек. ЕЭК өкмөттүк уюм болуп саналбайт. Ал — уставдын негизинде тиешелүү укуктарды бөлүп берген гана аткаруучу орган. Интеграцияны өнүктүрүүдө жаралган кыйынчылыктарды чоң көйгөйгө айлантуунун кереги жок. Бул кадыресе көрүнүш. Ошол эле учурда Казакстан Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн тарапташы болуп келгенбиз, мындан ары да колдойбуз. Биримдиктеги бардык өлкөлөр менен кызматташабыз", — деди Токаев.
Ошондой эле ал бүгүн Бишкекке расмий сапар менен келгенин эске салып, президент Садыр Жапаров менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн эң жакынкы жылдары бир миллиард доллардан эки миллиардга чыгарууга макулдашканын билдирди.
Аны менен катар бул макулдашуу эки тараптуу формат экенин, интеграцияны дагы ушундай жол менен өнүктүрсө болорун белгиледи.
Булак: NazarNews.kg